Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынан “Казакстан темир жолдору” мамлекеттик ишканасы чек арада күйүүчү майы менен турган вагондор үчүн суткасына 100 доллардан акы доолап жатат. Бул тууралуу аталган ассоциациянын аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, күйүүчү май толтурулган 352 цистерна өткөн жылдын 14-апрелинен бери “Кулан” жана “Луговая” темир жол бекеттериндеги бажы өтмөгүндө “декларация нормаларын бузду” деген себеп менен кармалып турушат.

Куловдун белгилегени боюнча казакстандык темир жолчулардын доосу негизсиз, анткени келишимдерге ылайык, чек араны кесип өткөнгө чейин Кыргызстандын компаниялары жоопкерчиликтүү эмес. Ушундан улам кыргызстандык нефтретрейдерлер Тышкы иштер министрлигине кат жазып, кыргыз-казак чек арасында кармалып турган вагондор үчүн акы төлөбөй турганын, юридикалык жактан кыргызстандык компаниялар буга жоопкер эмес экенин билдиришкен.